CNN телеканалы уюштурган дебатта алып баруучулар америкалыктар үчүн эң актуалдуу маселелер: инфляциянын жогорку деңгээли, аялдардын бойдон алдыруу укугу, мыйзамсыз миграция, Украинага жардам, африкалык америкалыктардын көйгөйлөрү, балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш, шайлоонун жыйынтыктарын урматтоо боюнча суроолорду узатышты. Бирок эки талапкер тең бул суроолордун көбүнө жооп берүүдөн качып, 90 мүнөттүк дебатта алдын ала даярдалган тезистерди кайталап жатышты.
Президент Байден анын жетекчилиги менен өлкө COVID пандемиясынан улам келип чыккан каатчылыктын кесепеттерин ийгиликтүү жеңгенин, анын администрациясынын саясаты инфляцияны төмөндөтүп жатканын жана улгайган америкалыктар үчүн дары-дармектердин баасын төмөндөтүүгө жетишкенин айтты. Жо Байден кайрадан президент болуп шайланса, социалдык программаларды каржылоону колдоо үчүн кирешеси жогору америкалыктарга салыкты көтөрүүнү убада кылды.
Мурдагы президент Трамп учурдагы экономикалык өсүш чындыгында анын бийлиги тушундагы салыктарды кыскартуу жана экономикага мамлекеттик жөнгө салууну төмөндөтүү аркылуу ишке ашканын билдирди. Ал Жо Байденди мыйзамсыз миграцияга көз жумуп, атүгүл кубаттап жатат деп айыптады. Трамптын айтымында, бул аз камсыз болгон америкалыктарга зыян келтирет.
Дебаттын эң эмоционалдуу эпизоддорунун бири Орусиянын Украинага басып киришин талкуулоо болду. Дональд Трамп өзү Ак үйдө болгондо Орусия Украинага басып кирмек эмес деген тезисин бир нече жолу кайталады. Анын айтымында, америкалык армиянын Ооганстандан "шермендечилик" менен чыгарылып кетиши Путинге Украинага каршы согуш баштоого жол ачкан. Трамптын айтымында, Байдендин саясаты үчүнчү дүйнөлүк согушка алып барат.
Жо Байден Трамптын Украинага жардам берүүгө ниети жоктугу – Путинди НАТОго мүчө өлкөгө басып кирүүгө шыкактап, үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келиши мүмкүн экенин айтты.
Трамп Путин сунуштаган тынчтык планына макул эместигин билдирип, орус президентин кылмышкер деп атап, бирок президент болуп шайланса, кызматына расмий киришкенге чейин эле Украинадагы согушту расмий түрдө токтото аларын кайталады.
Байкоочулардын жана серепчилердин алгачкы реакцияларына караганда, президент Байден бул дебатта ачык эле жеңилди. Ал оюн аягына чыгара албай, кээде сөз табууда кыйналып, жооп берип жатканда адашып жатты. Анын шайлоо штабынын өкүлдөрү муну президент дебатка тумоологон абалда катышканы менен түшүндүрүштү.