Ссылки доступа

Казакстанда Масимовго ырайым берүүдөн баш тартышты


Казакстан президентинин алдындагы мунапыс маселесин караган комиссия январь окуясы боюнча соттолгон Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимовго ырайым кылуудан баш тартты.

Бул тууралуу бүгүн "Азаттыктын" казак кызматына комиссиянын мүчөсү, парламенттин депутаты Марат Башимов билдирди. Анын айтымында, "комиссиянын бул чечими эми президентке жөнөтүлөт".

10-июнда Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси, январь окуясында бийликти басып алууга аракет кылган жана мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен соттолгон Карим Масимов ырайым кылуу боюнча арыз жазганы белгилүү болгон. Андан соң Улуттук коопсуздук комитети жергиликтүү маалымат каражаттарына Масимовго карата Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын жана башка мүлктү легалдаштыруу (адалдоо)" жана "Өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу" беренелери боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын билдирген

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, эки жолу премьер-министр жана президенттик аппараттын жетекчиси болуп иштеген Карим Масим Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин ишенимдүү адамы катары эсептелген.

2022-жылдагы кандуу январь окуясы учурунда Масимов атайын кызматтын жетекчилигинен алынып, камалган.

2023-жылы 24-апрелде сот экс-чекистти мамлекеттик чыккынчылык, бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, бийликти жана кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу боюнча күнөөлүү деп таап, 18 жылга кескен. Мындан тышкары анын мал-мүлкү конфискацияланып, өмүр бою мамлекеттик иштерге аралаша албай турган болгон.

XS
SM
MD
LG