Ссылки доступа

Селден улам Ош-Раззаков жолундагы көпүрө урап, каттам жабылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан (ӨКМ) маалыматка ылайык, 30-июнда саат 20:30 чамасында Ош-Раззаков жолунун 65-чакырымындагы Найман көпүрөсү урап түшүп, жол каттамы жабылды. ӨКМ бул аймакта селдин кесепетинен тазалоо иштери жүрүп жатканын кабарлап, кошумча маалымат берилерин билдирди.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жабыркаган адамдар жок экенин маалымдады.

Мекеме Ош-Баткен жолу жабылгандыктан жүргүнчүлөрдү жолго чыкпай турууга чакырды.

28-июнда катуу селден кийин Ноокат районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Райондо сел онго жакын кишинин өмүрүн алды.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип жатат.

XS
SM
MD
LG