Анда президент 2024-жылдын 1-июлунан тарта Тажикстанда минималдуу айлык акынын көлөмү 800 сомонини түзөрүн айткан. Буга чейин бул сумма 600 сомонини түзүп келген.
Президент быйыл 1-январда кол койгон буйрук менен бүгүнтөн тарта аскер кызматкерлеринин, укук коргоо жана башка күч түзүмдөрүнүн айлыктары да 40% жогорулады.
Мындан тышкары 1-июлдан тарта пенсиялар 30% жогорулайт деп күтүлүүдө.
Аймактагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Тажикстанда айлык акылар кыйла төмөн болуп эсептелет. Талдоочулар мунун негизги себептеринин бири катары мамлекеттик мекемелердеги жемкорлукту айтып келишет.