Бул процесске менчиктештирүү боюнча консультант катары Abrau Capital компаниясы чакырылган.
"Жеңүүчү компаниянын келечекте ишканадагы өндүрүш көлөмүн жогорулатуу, чыгарылган өнүмдөрдүн түрлөрүн көбөйтүү жана сатуу географиясын кеңейтүү планы бар. Сатып алуучунун сунушу компаниянын индикативдүү баа диапазонунун эң жогорку чегинде жайгашкан жана ишкананын биз баалаган баасынан жогору", – деп жазылган агенттиктин билдирүүсүндө.
Маалыматка караганда, заводду сатып алууга арыз берген инвесторлордун капиталына, соттук териштирүүлөргө катышкан-катышпаганына, ошондой эле аларга АКШнын, ЕБдин жана ири эл аралык каржы институттарынын санкция салган-салбаганына көңүл бурулган.
"Фотон" акционердик коому өткөн жылы 14,5 миң даана продукция өндүрүп, жалпы кирешеси 36,4 миллиард, таза кирешеси 1,4 миллард жана таза активдери 20,1 миллиард сумду түзгөн.
"Фотон" заводу 1941-жылы Подмосковьедеги электровакуум приборлорун өндүргөн заводдун базасында көчүрүлүп келинген. 1995-жылы ишкана акционердик коом болуп өзгөртүлүп, "Узэлтехсаноат" холдингинин курамында иштеп келген.
Завод радиоэлектрондук жабдуулар үчүн микросхемаларды, ошондой эле электротехникалык продукцияларды өндүрөт. Ишкана дискреттик жана планардык жарым өткөргүч диоддорду, үнү катуу чыкпаган натыйжалуу талаа транзисторлорун жана интегралдык микросхемаларды өндүрүү технологияларына (70тен ашык түрүнө) ээ. Мындан тышкары анда көзөмөл-кассалык аппараттар жана Panda үлгүсүндөгү сыналгылар өндүрүлөт.
"Фотон" заводунда 300гө жакын киши иштеп, уставдык фонду 1,08 миллиард сумду түзөт.
2023-жылы декабрда Украинанын президенти Владимир Зеленский "Фотон" заводуна жана анын мурдагы жетекчиси Маруфхожи Сайдумаровго каршы санкция салган.