Ссылки доступа

Ташкенттик аял 90 миң долларын нигериялык шылуундарга алдырды


Ташкенттин тургуну шаардагы үйүн 90 миң долларга сатып, акчасын Нигериядагы шылуундарга тарттырып жиберди. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Киберкоопсуздук борбору билдирди.

Маалыматка караганда, окуя эки ай мурда болгон. Шылуундар аял менен электрондук почта аркылуу байланышка чыгып, Африкада ири компаниянын ээси каза болгонун, ал анын алыскы тууганы болушу мүмкүн экенин айтып, 3 миллиард долларга жеткен мурасын алуу үчүн 90 миң доллар которушу керектигин айтып алдашкан.

Буга ишенип алган аял өзү жашаган үйүн 90 миң долларга сатып, акчаны бөлүп-бөлүп шылуундарга жөнөткөн.

"Биринчи этапта акча Түркияга которулган. Түркиядан сураштырып көрсөк, андан ары Европа өлкөлөрүнүн бирине жөнөтүлгөн. Азыркы тапта бул акча беш-алты өлкөдө "айланууда"", – деп билдирди ИИМдин өкүлү Умиджон Хамракулов.

Өзбек бийлиги бул окуядан улам жарандарын этият болууга чакырды.

XS
SM
MD
LG