Маалыматка ылайык, 37 жаштагы Хурсандбек Ахмедов 25-июнь күнү Киев метросунун станциясынан кармалган.
Анын футболкасында Украинанын герби болгон. Өзбекстандык Орусиянын Украинадагы аскерий аракеттерин сындаганын мойнуна алган. Маалыматта “укук коргоо кызматкерлери анын кийимдеринен жана билдирүүлөрүнөн Орусиянын Куралдуу күчтөрүн каралоону белгилерин көрүшкөн”, деп айтылат.
27-июндагы соттук отурумда жаран “Орусиянын Куралдуу күчтөрүн дискредитациялоо” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Ага 50 миң рубль (570 доллар) айып салынган.
Соттун чечиминде өзбекстандыкта орус жарандыгы болгону белгиленген.