Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазып, Жоомарт Карабаев 2-июлда атайын кызматка сурак бергенден кийин кармалганын билдирди. Эми бөгөт чарасы каралат.
УКМК Жоомарт Карабаевдин иши тууралуу маалымат бере элек.
Жоомарт Карабаев Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан.
Ошондой эле экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген. Фейсбукка бийликти сындаган пикирлерин жазып жаткан. Анын айткандарына бийлик органдары комментарий берген эмес.
1-июлда ал Ноокаттагы селден жабыркагандарга жардамды өкмөттүн штабына тапшырбай, элге өз алдынча берүүгө чакырган.
Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар болгон.