Ссылки доступа

Шавкат Мирзиёев Астанада Си Цзиньпин менен жолукту


3-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Астанадагы иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда былтыр Өзбекстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 14 миллиард долларды түзгөнү, жакынкы аралыкта бул көрсөткүчтү 20 миллиард долларга жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар экени айтылды.

Инфраструктура, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба жана жашыл энергетика тармагында стратегиялык кызматташтык программаларын кабыл алууну тездетүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Жолугушууда Мирзиёев жакырчылыкты жоюу жаатындагы практикалык кызматташуу маселелеринде Си Цзиньпинди колдоосун белгиледи. Бул багытта тажрыйба алмашуунун узак мөөнөттүү программасын кабыл алуу сунушталды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө "Бир алкак – бир жол" долбоорунун алкагында транспорттук байланышты чыңдоо жана аймакты өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун курууну эрте баштоонун маанилүүлүгү айтылды.

Өзбек тарап Кытайдын сепаратизм, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү саясатын мурдагыдай эле колдой турганын белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Шавкат Мирзиёев Си Цзиньпинди Өзбекстанга чакырды.

Өзбекстандын президенти Кытайга акыркы жолу ушул жылдын январь айынын аягында барган. Андан соң эки өлкөнүн ортосунда 15тен ашык документке кол коюлган.

XS
SM
MD
LG