Ссылки доступа

Москвада теги тажик мушкер 1-августка чейин камакка алынды


Москванын Щербинск соту тергөөнүн өтүнүчүн канааттандырып, Орусиянын эркин күрөш боюнча курама командасынын улук машыктыруучусу Алишер Исматзоданы терроризмди жайылтууга көмөктөшкөн деген айып менен камакка алуу чечимин чыгарды.

РИА Новости билдиргендей, ал 28-августка чейин камакта болот.

Исматзода террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого азгырууга же кишилерди ушундай кылмыш жасоого даярдоого айыпталууда. Күнөөсү далилденсе, ал жети жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Тергөөчү соттук отурумда Исматзоданын жакындарынын бири Сирияда согушуп жүргөнүн жана Тажикстанда дагы терроризм үчүн куугунтукка алынганын билдирди. Ал Исматзода мурда Тажикстандын жараны болгонун жана бул өлкөдө тыгыз байланыштары бар экенин белгиледи.

Анын айтымында, Исматзода террордук ишмердүүлүк үчүн соттолгон же ушундай кылмышка шектелген адамдарга да жүз рублдан тогуз миң рублга чейин акча которгон.

Сотто Алишер Исматзода Сирияга кеткен тууганы менен да, радикалдуу ислам динин туткан башка адамдар менен да байланышта болбогонун айтты.

«Мамедовго которуу болгон, ал анда жөнөкөй жаран болгон, таксиде иштечү, күрөш үчүн бут кийимдерди сатып алганбыз... Мен өзүм салттуу исламды карманган үй-бүлөлүү адамымын», - деп баса белгиледи Исматзода. Ал Мамедов ким экенин айткан жок.

Алишер Исматзода – теги тажикстандык, Орусиянын эркин күрөш боюнча спорт чебери, №1 олимпиадалык резерв мектебинин кызматкери. Орусиянын Күрөш федерациясы ал Орусиянын аялдар курамасынын улук машыктыруучусу болуп иштеп жатканын тастыктады. Исматзода Орусиянын эркин күрөш боюнча жаштар курама командасынын машыктыруучусунун милдетин да аткарган. Машыктыруучунун кармалганы 1-июлда белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG