Ссылки доступа

Айдос Садыковдун сөөгү Киевде жерге берилет


Казак журналисти Айдос Садыков менен коштошуу бүгүн, 5-июлда саат 9да (Астана убактысы боюнча 11де) Киев облусунун Чайки айылындагы мечитте болот. Бул тууралуу анын жубайы Наталья Садыкова Facebook баракчасына билдирди.

"Саат 10:30да жаназасы окулат. «Айдос жакын жердеги мусулмандар көрүстөнүнө коюлат", - деп жазган ал.

йдос Садыковду 18-июнда Киевде өзү жашаган үйдүн короосунан атып кетишкен. Башынан жараат алган журналист өзүнө келе албай, 13 күндөн кийин көз жумду. Украина бийлиги бул кылмышка шектүү деп казакстандык эки жаранды атаган жана алар Молдова аркылуу чыгып кетишкенин кабарлаган. Казакстан бийлиги шектүүлөрдүн бири өзү казак күч кызматкерлерине барып колго түшкөнүн, бирок аны Киевге өткөрүп бербей турганын билдирген. Экинчи шектүү кармала элек.

Наталья Садыкова күйөөсүнүн өлүмүнө «Токаевдин ыплас режими» күнөөлүү деп айтууда. Токаев эч кандай комментарий бере элек.

Чайки айылында, «Суспiльне Крим» басылмасы жазгандай, 2020-жылы «Бирлик» крым-татар маданий борбору ачылган жана ага караштуу өзүнчө мечит бар. 2022-жылы Орусия кол салганда бул айылда атышуунун айынан чоң өрт болгон.

Казакстанда Садыковду мекенине алып келип жерге берүү зарыл экенин айткандар болгон. Бүгүн 4-июлда активисттердин Алматыда пландалган акциясы өтпөй калды, себеби алар чогула турган бакчаны полиция кызматкерлери курчап турушту.

Садыков Казакстанда 2010-жылдан бери оппозициялык «Азат» партиясынын Актөбө аймактык бөлүмүн жетектеп келген. Ал мурдагы жана азыркы казак бийлигин сындаган материалдарды жарыялап жүрчү. Казак президенти Касым-Жомарт Токаевди орусиячыл саясатчы деп сындаган. Садыков негиздеген YouTube каналдын миллиондон ашуун катталуучусу бар.

Оппозиционер Украинага үй-бүлөсү менен 2014-жылы көчүп барган.

Наталья Садыкова күйөөсүн көз алдында атып кетишкенин айтып, "Ок анын чыкыйына тийген. Тилекке каршы, мээси жабыркаган", - деп билдирген жана кол салууну Садыковдун оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

XS
SM
MD
LG