Ссылки доступа

БУУнун Башкы катчысы Душанбеге келди


БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 4-июль күнү кечинде Тажикстандын борборуна келди. Аны аэропорттон биринчи вице-премьер-министр Хоким Халикзода тосуп алды.

«Ховар» мамлекеттик маалымат агенттиги Антониу Гутерреш президент Эмомали Рахмон менен жолугарын кабарлады. Иш-сапардын башка планы тууралуу айтылган жок.

БУУнун баш катчысынын Борбор Азияга сапары 29-июнда башталган. Антониу Гутерриш буга чейин Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанга да келген. Ал Астанада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышты.

БУУнун башкатчысы Антониу Гутерриш Тажикстанда жана Борбор Азия өлкөлөрүндө акыркы жолу 2017-жылы болгон.

XS
SM
MD
LG