"Депортациядан кийин административдик укук бузуулар үчүн күнөөлүү деп табылган бардык адамдарга Орусиянын аймагына кирүүгө беш жылга тыюу салынды", - деп жазат орусиялык басылмалар.
Орусиянын шаарларында жана облустарында мигранттарга каршы рейддер дагы деле уланууда.
2-июлда Омск облусунун укук коргоо органдары да "Нелегал-2024" операциясынын биринчи баскычынын жыйынтыгын жарыялашты. Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлери 300гө жакын миграциялык мыйзам бузууларды аныкташкан. Соттор чет элдиктерди Орусиянын аймагынан чыгаруу боюнча 18 чечим чыгарган. Үч чет элдик жаран депортацияланып, 36сына өлкөгө кирүүгө тыюу салынган.
Соңку убакта тажик мигранттары аэропорттордогу жана чек ара өтмөктөрүндөгү бир нече саатка созулган текшерүүлөргө нааразы болуп келишет. Соцтармактардын колдонуучулары "Озоди" радиосуна Орусиядагы мигранттардын себепсиз депортацияланганын баяндаган видеолорду жөнөтүшүүдө.
Москванын "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы чабуулдан кийин кийин Тажикстандын бир нече жараны терактка шектелип, жүздөгөн тажик мигранттары Орусиянын аэропортторунда бир нече саат бою текшерүүгө алынып, алардын көбү Тажикстанга кайтарылган. Быйыл май айында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарга Орусияга убактылуу барбай турууну сунуштаган.