Ссылки доступа

АКШда өзбекстандык окуучуну өлтүрүүгө шектелген адам кармалды


АКШда 15 жаштагы өзбекстандык окуучуну атып салган адам кармалды. 2023-жылдын июль айында өзбекстандык Фаридун Мавлонов достору менен мектептен кайтып келе жатканда, Бруклинде атып өлтүрүлгөн. Киши өлтүрүүгө шектелген адам бир жылдан кийин кармалганын New York Post гезити жазды.

Маалыматка ылайык, полиция 18 жаштагы шектүү Леопольдо Неша Монтойяны Панамадагы тууганынын үйүнөн кармаган. Өткөн аптада ал өзбекстандык жаранды өлтүргөн деген айып менен Нью-Йоркко экстрадицияланган.

"Уулумду өлтүргөн адам менен бетме-бет келип калсам, кылган ишим үчүн жооп бере албайм. Эркиндикте жүрсө, ал башка балдарды да өлтүрөт. Баламды эч себепсиз өлтүрдү. Бул мен үчүн абдан оор", - деген Фаридун Мавлоновдун атасы.

Фаридун Мавлоновду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс катышкан.

Окуя бир жыл мурун, 17-июлда болгон. Ок атуунун алдында мектеп окуучуларынын ортосунда жаңжал чыккан. Алар сабактан кийин көчөдөн жолугуп, чырды мушташ аркылуу чечүүгө макулдашкан. Бирок арасында Фаридун Мавлонов болгон топ белгиленген жерге жеткенде экинчи топтогу 17 жаштагы өспүрүм тапанча менен ата баштаган. Октун бири Фаридунге тийген. Ал ооруканада эсин келбей көз жумган.

The New York Times гезитинин жазганына караганда, Фаридун Мавлоновдун үй-бүлөсү 12 жыл мурун Өзбекстандан АКШга көчүп барган. Атасы Фирдавс Мавлонов чач тарач болуп иштейт. Каза болгон бала үй-бүлөдөгү алты баланын бири болгон.

XS
SM
MD
LG