Ссылки доступа

Казакстандын төрт шаарында террордук коркунучтун "сары" деңгээли алынды


Астана, Алматы, Караганды жана Көкшетау шаарларында 4-июлда түнкү саат 12ден тарта антитеррордук операциянын укуктук режими токтотулуп, террористтик коркунучтун орточо “сары” деңгээли алынды.

Бул тууралуу жума күнү Казакстандын Терроризмге каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабы билдирди.

Мындай чечим ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин жана Кытай президентинин мамлекеттик сапарынын аякташына байланыштуу кабыл алынды.

2-июлдан тарта Казакстандын төрт шаарында антитеррордук операциянын укуктук режими жана террористтик коркунучтун “сары” деңгээли киргизилген.

ШКУнун саммити 3-4-июлда Астанада коопсуздук чаралар күчөтүлгөн шартта өттү.

XS
SM
MD
LG