Ссылки доступа

Өзбекстанда “Лукойл” компаниясына каршы иш козголду


Өзбекстанда бааларды манипуляциялоого шектелген  Lukoil Overseas Supply and Trading Ltd компаниясына иш козголду. Бул тууралуу Өзбекстандын Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо комитети кабарлады.

Маалыматка караганда, биржалык соода аркылуу продукцияны сатууда техникалык күкүрткө болгон бааны манипуляциялоонун белгилери аныкталган, анын ичинде аукциондо продукциянын көлөмү туура эмес көрсөтүлүп, бул продукциянын баасынын өсүшүнө алып келген.

Натыйжада биржалык соодада техникалык күкүрттүн баасы орто эсеп менен 10%дан 50%га чейин жогорулаган.

Аталган компанияга “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузган деген негиз менен иш козголду.

Комитет бул иш боюнча бир чечимге келген соң кошумча маалымат берүүнү убадалады.

Кипрде катталган Lukoil Overseas Supply and Trading Ltd – орусиялык белгилүү "Лукойл" компаниясынын туунду компаниясы.

XS
SM
MD
LG