Ссылки доступа

Си Цзиньпин Тажикстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт


4-июль күнү кечинде Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды.

«Ховар» улуттук агенттигинин маалыматына караганда, Кытай лидеринин Тажикстанга сапары 6-июлга чейин созулат.

«Сапардын алкагында тар жана кеңири курамда эки тараптуу сүйлөшүүлөр болот. Кытай Эл Республикасынын төрагасы башка расмий иш-чараларга да катышат», - деп айтылат маалыматта.

Си Цзиньпиндин Тажикстанда өкмөттүн жана парламенттин жаңы имараттарынын ачылыш аземине катышуусу күтүлүүдө. Эки объект тең кытай каражатына курулган. Бул үчүн расмий Бээжин 230 миллион доллар бөлгөн.

Акыркы жылдары Кытай Тажикстандын эң ири инвесторлорунун бири болуп калды. Тажикстандын Инвестициялар жана мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, 21-июнда Душанбе шаарында өткөн форумда кытайлык инвесторлор 500 миллион доллардан ашык каражат бөлүүнү убада кылышкан.

Убада кылынган инвестициялардын арасында Хожент шаарында темир рудасын кайра иштетүүчү фабриканын курулушу, борбордун негизги стадиондорунун бирин жаңылоо жана жергиликтүү такси кызматтары үчүн кытайлык электромобилдерди сатып алуу бар.

Кытай инвестициясынын соңку айлампасы Тажикстандын бул өлкөгө болгон карызы көбөйүп жаткан учурга туш келди.

Тажикстандын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, Душанбе Кытайдын Экспорттук-инпеорттук банкына 900 миллион доллар карыз. 2022-жылдын башында бул көрсөткүч дээрлик 1,4 миллиард долларды түзгөн. "Эксимбанктын" айрым насыяларынын жеңилдетилген мөөнөтү 2025-жылы аяктайт.

XS
SM
MD
LG