Тыналиев өз округунда 3 498 добуш алган (16,04%), ал эми Салымбеков өз округунда 10 623 кишинин (64,68%) добушун алган.
30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү.
Ноокат округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы толук чыга элек. Беш талапкердин арызынын негизинде беш шайлоо тилкелеринде добуштарды кайра саноо чечими кабыл алынган.
Боршайкомдун автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча №5 Ноокат округунан талапкер Бакытбек Марипов 11 миң 523 (44.99%) шайлоочунун добушун алып, алдыга чыккан.
Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышты, алардын экөө гана аялдар болду.