Ички иштер министрлиги (ИИМ) жарыялаган соңку жыйынтыктарга ылайык, 69 жаштагы Пезешкиан ашынган консерватор, катаал режимдин жактоочусу Саид Жалилди 53,7% добуш менен жеңди. Жалилини шайлоочулардын 44,3% колдогон.
Мамлекеттик IRNA агенттиги жазгандай, ант берүү аземи 4-августта же 5-августта өтөт.
2008-жылдан бери парламент мүчөсү болуп келген Пезешкиан 2016-2020-жылдары спикердин орун басары кызматында иштеген.
Күтүүсүз жеңиштен кийин мурдагы кардиохирург жаш ирандыктарга ыраазычылык билдирди.
"Менин командама чын дили менен кошулган бардык эр жүрөк жана жөндөмдүү жаштарга өзгөчө ыраазчылык билдирем",- деп жазды ал "X" социалдык түйүнүнө.
Иранда шайлоо мурдагы президент Эбрахим Раисинин 19-майда тик учак кырсыгынан көз жумганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда өттү.