"Газа тилкесиндеги тогуз айдан бери уланып жаткан кандуу согуштун кесепеттери бизди терең кайгыга батырууда. 40 миңге жакын тургундун, анын ичинде балдар менен аялдардын өлүмүнө алып келген кагылышууларды эч нерсе менен актоого болбойт. Тез арада зомбулук аракеттерин токтотууга жана токтоосуз түрдө тынчтык процессин баштоого чакырабыз", – деди Мирзиёев Тоолуу Карабактагы Шуша шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинде сүйлөп жатып.
Өзбек президенти Жакынкы Чыгышта стратегиялык туруктуулук менен тынчтыкты камсыз кылуунун негизги шарты – көз карандысыз жана эркин Палестина мамлекетин түзүү экенин кезектеги жолу кайталады.
Мирзиёев буга чейин Батыш өлкөлөрүнүн Газа тилкесиндеги кырдаалга карата мамилесин кош стандарттуулук деп атаган. Анын айтымында, демократия менен адам укуктарын кеңири жайылтып жаткан өлкөлөр Газадагы жөнөкөй тургундардын өлүмүнө көз жумууда.