Ссылки доступа

Өзбекстанда Maxam-Chirchiq химиялык заводуна каршы кылмыш иши козголду


Өзбекстандын Атаандаштык боюнча комитети Maxam-Chirchiq заводу өндүргөн минералдык жер семирткичтердин баасы негизсиз жогорулатылганын аныктады.

Мекеменин маалыматына караганда, компаниянын аракетинен улам жер семирткичтердин баасы 10-15% жогорулап, бул өлкөдөгү айыл чарба азыктарынын баасына таасир этип жаткан.

Химиялык заводго каршы "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузуунун белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

2007-жылы "Узкимёсаноат" жана испаниялык MAXAMCORP компаниясы тарабынан түзүлгөн Maxam-Chirchiq биргелешкен ишканасы Өзбекстандагы минералдык жер семирткичтер менен башка химиялык продукцияларды өндүргөн эң ири ишкана болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG