Сот отуруму бул иш боюнча буга чейинки процесстердей эле жабык өттү. Соттор муну иштин материалдарында жашыруун маалыматтардын бар экени менен түшүндүрүп келишет.
"Соттук коллегия 2022-жылы 7-январда блокпостто турган айыпталуучу кол алдындагы аскер кызматкерлерине блокпостту көздөй келе жаткан автоунааны аткылоо буйругун бергенин аныктады. Анын жыйынтыгында автоунаадагы 2017-жылы туулган кыз каза болуп, 2006-жылкы эжеси оор жаракат алган", – деп билдирди Аскердик соттун басма сөз кызматы.
Сот Жумандын күнөөсү жабырлануучулар менен күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана экспертизанын корутундусу менен далилденгенин белгиледи.
Быйыл июндун башында Казакстандын Жогорку соту Айкөркөмдүн өлүмү боюнча жети жылга соттолгон Арман Жумандын буга чейинки өкүмүн жокко чыгарып, иш апелляциялык баскычтагы соттун жаңы кароосуна жөнөтүлгөнүн билдирген. Буга соттун ага чейинки өкүмүнө макул болбогон эки тараптын Жогорку сотко жазган кассациялык арызы себеп болгону айтылган.
Айкөркөм Мелдехан 2022-жылы 7-январда жакындары менен автоунаада азык-түлүккө бара жатканда башынан ок жеп каза болгон. Эжеси жарадар болуп, операция жасалган.
Арман Жуманга каршы козголгон кылмыш иши быйыл февралда аяктаган. 2022-жылы декабрдын аягында "Адам өлтүрүү" беренеси менен козголгон кылмыш иши "Ыйгарым укуктарын ашыкча пайдалануу" беренесине өзгөртүлгөнү белгилүү болгон. Анда Айкөркөмдүн атасы бул иш боюнча айыпталуучу катары бир гана киши өтүп жатканы туура эмес экенин айткан.
Жуман былтыр июлда буйрукту аткарганын, адам өлтүрүү ниети болбогонун журналисттерге айткан.
Жабырлануучу тарап Жумандын аракеттерин "ыйгарым укуктарын ашык пайдалануу" эмес, "адам өлтүрүү" деп сыпаттоону талап кылып келет.
Казакстанда 2022-жылдын 2-январында суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер башталып, кийин бийликтин отставкасын талап кылган саясий ураандар да жаңырган. Акциялар кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон. Төрт жашар Айкөркөм алардын эң кенжеси. Укук коргоочулар курмандыктардын саны мындан көп деп эсептешет.