Ссылки доступа

Астана ашыкча өндүрүлгөн мунайдын көлөмүн компенсациялоону убадалады


Казакстан ашыкча өндүрүлгөн мунайдын көлөмүн 2025-жылдын сентябрына чейин компенсациялайт. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди.

Буга чейин чет элдик басылмалар Казакстан ОПЕК+ уюму белгилеген мунай өндүрүү квотасын сактабаганын жазышкан.

"Казакстан ОПЕК+ келишимин кармана турганын ырастайт жана ага мүчө өлкөлөр биргелешип кабыл алган чечимдерди колдойт. Астана ОПЕК+ уюмунун министрлеринин 37чи жолугушуусундагы чечимдердин жыйынтыгы менен компенсациялоонун планын даярдады. Ага ылайык, жылдын биринчи жарым жылдыгында ашыкча өндүрүлгөн мунайдын көлөмү 2025-жылдын сентябрына чейин акырындык менен компенсацияланат. Казакстан өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн болгон аракетин көрөт", – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Күн мурун чет элдик ЖМКлар, анын ичинде Business Insider басылмасы Иракта, Казакстанда жана Орусияда мунайды ашыкча өндүрүү уланып жатканын кабарлашкан. Bloomberg басылмасы өз макаласында Казакстанды эл аралык уюм белгилеген квотаны эске албай жатат деп айыптаган.

ОПЕК+ уюму Казакстанды ашыкча өндүрүлгөн мунайды компенсациялоо жана квотаны бузганы үчүн "күнөөсүн жуу" боюнча кошумча чараларды көрүүгө милдеттендирген.

Буга чейин Казакстандын Энергетика министрлиги өлкө май айында да мунай өндүрүү боюнча милдеттенмелерин ашыкча аткарганын мойнуна алып, ал көлөмдү компенсациялай турганын билдирген.

Өткөн жылы ноябрда Казакстан 2024-жылдан тарта мунай өндүрүү көлөмүн суткасына 82 миң баррелге азайта турганы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG