Маалыматка караганда, телеканалдын кызматкерине кол салуу 6-июлга караган түнү "Останкино" телеборборунун жанында болгон.
Биринчи шектүү окуядан 40 мүнөт өткөндөн кийин кармалган. Ал Орусияга иштегени барган Өзбекстандын 24 жаштагы жараны экени аныкталган.
Көп өтпөй укук коргоо кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары "ВДНХ" станциясынын жанынан 25 жана 22 жаштагы эки өзбекстандыкты кармашкан.
Шектүүлөргө "Топтошуп алып зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголду. Алар күнөөлү деп табылса 10 жылга чейин эркиндиктеринен ажыратылышы мүмкүн.