"Жабырлануучу негизги жолдон алты чакырым жогору жакта болгон. Куткаруучулар медиктер менен биргеликте тоонун чокусуна чыгып, ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, төмөн жакка алып түшүштү", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Маалыматта туристти жыландын кайсы түрү чагып алганы айтылган эмес.
Тажикстанда уулуу жыландын бир нече түрү бар. Жайкы ысыкта алардын активдүүлүгү күчөп, кыйла кооптуу болуп калышат.
Мурдараак Тажикстандын бийлиги өлкөгө келген орусиялык туристтердин саны көбөйгөнүн билдирген. Буга Украинада согуш башталгандан кийин Батыш өлкөлөрүнүн көбү орус жарандарын киргизбей калганы себеп болгону болжолдонууда. Орусиялык туристтердин көбү 2022-жылдан кийин Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Тажикстанга эс алганы келе баштаган.