Мекеме түрмөдө Жыланбаевге басым болуп жатканы жөнүндөгү адвокаттын өткөн айдагы билдирүүсүнөн кийин "Азаттык" радиосу жөнөткөн суроолорго 9-июлда жооп берди.
"Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан учурда ал көзөмөл органдарынын жана бейөкмөт уюмдардын бир нече жолку кабыл алуусунда болду. Ага басым жасалганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт", — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.
Казакстанда ишмердүүлүгүнө уруксат берилбеген оппозициялык "Алга, Казакстан" партиясынын негиздөөчүсү, белгилүү марафончу жана жарандык активист Марат Жыланбаев бир жылдан бери камакта отурат. Былтыр ноябрда ал "экстремизмди каржылоо" жана "тыюу салынган уюмга катышуу" деген айыптар менен жети жылга кесилген. Мындай айыптоону ал өзү жана тарапташтары саясий куугунтук деп атап келишет.
20-июнда активист абакта ачкачылык жарыялаган. Бул маалыматты өткөн аптада абак администрациясы ырастаган.
24-апрелде "Алга, Казакстандын" мүчөлөрү партияны расмий каттоодон өткөрүү максатында документтерди тапшыруу үчүн чогулушкан. Бул алардын 2022-жылдан бери 24-жолу каттоо аракети болгон, бирок арызы бул жолу да четке кагылган.
Бир катар эл аралык уюмдар казак бийлигинен активистти бошотууну талап кылып келишет. Былтыр декабрь айында Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR) уюму Жыланбаевге карата чыккан өкүмдү айыптаган. Amnesty International уюму активист "тынч коомдук ишмердиги жана саясий позициясы үчүн гана" камалып отурганын белгилеген. "Акыйкаттык үчүн" Клуни фонду (CFJ) "жалган өкүмдү" жокко чыгарууга чакырган. Жыланбаев тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы жөнүндөгү баяндамасында да айтылган. Европа Биримдиги аны саясий туткун деп атап, тез арада бошотууга үндөгөн.
Расмий Астана казак түрмөлөрүндө отургандардын арасында саясий туткундар жок экенин, эч кимге саясий куугунтук жасалбаганын жана Жыланбаевдин өкүмү мыйзамдуу негизде чыкканын билдирүүдө. 5-июнда өлкөнүн Жогорку соту активисттин өкүмүнө каршы даттануу арызын кароодон баш тарткан.