Ссылки доступа

Казакстанда балдарга газ чачып, неонацисттик ураан айткан өспүрүм кармалды


Казакстанда балдарга калемпир газ чачып, неонацисттик ураан айткан өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Актөбө облустук полициясы кабарлады.

Өткөн жумада Актөбөдөгү көпүрөлөрдүн биринде болгон окуянын видеосу социалдык түйүндөргө жарыяланган. Андан орусча сүйлөгөн өспүрүм көпүрөдөн басып баратып четинде турган 6-7 жашар эки балага жакындаганда колундагы баллондон биринин бетине газ чачып жибергенин, адатта неонацисттер колдонуучу ураан айтканын, экинчи бала кача баштаганын көрүүгө болот.

Полициядан өспүрүм чек арадан өтүп кетүүгө аракет кылган жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, ага каршы "Ээнбаштык" беренеси боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдиришти.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин Саратов облустук башкармалыгы Казакстанда туулган 16 жаштагы өспүрүм апасы менен Орусияда жашай турганын, Актөбөдөгү атасыныкына жайкы каникулга барганын, кайтканда аны менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн кабарлады.

Видео социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратып, баланын жоругу фашизмдин башталышы катары мүнөздөлүп, анын өзүнө да, ата-энесине да чара көрүү талаптары коюлууда.

XS
SM
MD
LG