Ссылки доступа

Тажикстанда базардагы өрт 1,3 миллион доллар чыгым алып келди


Тажикстандын Хатлон облусундагы "Жайхун" базарында чыккан өрт 14 миллион сомони (1,3 миллион доллар) өлчөмүндө чыгым алып келди.

Жайхун райондук өрткө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Кувватали Курбонализода өрттөн жабыркаган ишкерлерге насыя төлөөдө жеңилдиктер берилгенин билдирди. Анын айтымында, атайын каралган мезгилдин аралыгында ишкерлер насыясы боюнча негизги сумманы да, үстөк пайыздарын да төлөшпөйт.

Жайхун райондук акимчилигиндеги өз булак жабыркаган ишкерлер ишмердүүлүгүн кайра баштаганга чейин салыктан убактылуу бошотулганын билдирди.

Базардагы өрттөн улам 500 миң сомониге жакын зыян тарткан ишкерлердин бири аларга насыя төлөөдө жеңилдиктер берилерин убадалашканын, бирок бул боюнча банкка кайрыла электигин айтты.

Ошол эле маалда ишкерлердин көбүн өрттөнүп кеткен дүкөндөрдүн ордуна жаңыларын ким (базардын жетекчилиги же өздөрү) кура турганы ойлондурууда.

"Жайхун" базарындагы өрт 2-июлга караган түнү болгон. Өрт андагы 400дөн ашык дүкөндү жана соода жайларды жок кылганы кабарланган.

Буга чейин Облустук өрткө каршы күрөшүү кызматы базардын 95% өрттөнүп кеткенин, ага электр зымдарындагы кыска чыңалуу себеп болгонун билдирген.

Тажик-ооган чек арасына жакын жайгашкан "Жайхун" базары аймактагын ири базарлардын бири деп эсептелет.

XS
SM
MD
LG