Ссылки доступа

Актау шаарында суу тартыштыгына нааразы болгон тургундар жол тосууга аракет кылышты


Актау шаарынын бийиктиктен көрүнүшү
Актау шаарынын бийиктиктен көрүнүшү

9-июлда Маңгыстау облусунун административдик борбору эсептелген Актау шаарындагы кичи райондордун биринин тургундары батирлеринде суу жок болуп жатканына даттанып, автоунаа жолдорунун бирин тосууга аракет кылышты.

Жергиликтүү "Лада" басылмасы суу тартыштыгына нааразылык билдирип шаардагы 19-кичи райондун тургундары чыкканын кабарлады. Маалыматка караганда, ушул эле кичи райондун жашоочулары суу тартыштыгынан улам жол торошкон. Анда бийлик алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү айтылган.

Тургундардын бири алар менен жолугууга келген жегиликтүү бийлик өкүлдөрүнө "беш күндөн бери суусуз отурушканын" айтты. "№17 жана №72 үйлөрдүн жогорку кабаттарында суу таптакыр эле жок... Үйдө балдар бар... Бул жөнүндө жазган билдирүүлөрүм мессенжердеги чаттардан өчүрүлүп жатат", – деди ал.

Нааразылыктардын фонунда социалдык түйүндөргө турак-жай комплекстеринин короолорунда жүргөн суу ташуучу автоунаалардын сүрөттөрү жарыяланды.

"Каспий жылу, су арнасы" ишканасынын директорунун орун басары Ислям Усенов резервуарларга суу топтоо үчүн таза суунун басымы болушунча төмөндөтүлүп жатканын билдирди. "Таңкы саат жетиден тарта жогорку басымдагы суу көпчүлүк кичи райондорго бериле баштайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн тургундардан кечирим сурайбыз жана бул абалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөбүз", – деди ал.

Кечке жакын Актау шаардык акимчилиги резервуарлардагы суунун деңгээлин калыбына келтирүү үчүн калаадагы унаа жуучу жайлардын иши жана сугат иштери убактылуу чектеле турганын билдирди.

Бийликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө аймакка 40 миң куб метрге жакын таза суу жетишпей турат. Актау шаарына суткасына дагы 20-25 миң куб метр суу талап кылынууда. Акимчилик таза суу маселесин чечүү максатында облуста туздуу сууну тазалоо боюнча 10 завод жана суткасына 147,5 миң куб метр суу өндүргөн орнотмолорду куруу, ошондой эле магистралдык суу түтүктөрүн реконструкциялоо жана кеңейтүү иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Мындан тышкары Маңгыстау облусунда туздуу сууну тазалай турган "Каспий" заводунун өндүрүмдүүлүгүн 20 миң куб метрден 40 миң куб метрге чейин көбөйтүү долбоору ишке ашырылууда. Акимчиликтин маалыматына караганда, андагы курулуш жана монтаждоо иштери 95% аяктады. Долбоорду толугу менен августтун аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

XS
SM
MD
LG