Ссылки доступа

Түркиядан 34 аял Өзбекстанга депортацияланды


Түркиянын Ички иштер министрлигинин Силиври депортация борборунан 34 аял бошотулуп, Өзбекстанга кайтарылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Үй-бүлө жана аялдар комитети билдирди.

Комитеттин демилгеси менен 21-25-апрель күндөрү Өзбекстандын Сенатынын, Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтеринин, Тышкы эмгек миграциясы агенттигинин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ Түркиянын шаарларында көчмө кабыл алууларды уюштурган.

Кабыл алуулардын максаты мигрант аялдарды кылмыштуулуктун жана адам сатуунун курмандыгы болуудан коргоо, ошондой эле мажбурлап иштетүү фактыларын токтотуу болгон.

Жолугушуулардын жүрүшүндө 255 аялдын көйгөйү иликтенген. Натыйжада Түркиянын Ички иштер министрлигинин Силиври депортациялоо борборунан 34 аял бошотулуп, мекенине кайтарылды.

Ошондой эле 4 аялга мыйзамдуу жашаган жери боюнча документ берилип, 100дөн ашык аялга юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Дагы 3 аял эркиндикке чыгып, 2 катуу ооруган бейтап Өзбекстанга жеткирилген.

XS
SM
MD
LG