Кызматкердин айтымында, буга чейин абактын жетекчилиги "Гүлнара Каримованын жүрүш-турушу жана чагымчыл аракеттерине байланыштуу" жогорку жактагы жетекчиликке бир нече жолу кайрылууга аргасыз болгон.
"Бизге бир жагынан Гүлнарага этият мамиле кылуу тапшырмасы берилсе, экинчи жагынан ага өзгөчө мамиле болбошу керектигин айтышкан. Ал түрмө жетекчилигинин баш оорусуна айланды", – деди кызматкер.
"Озодликтин" башка булактары да Гүлнара Каримова түрмөдө нааразылык акцияларды уюштуруп турарын жана жетекчилиги Жаза аткаруу департаментине бир нече жолу кайрылганын ырасташты.
8-июлда блогер Кирилл Альтман Зангиатадагы абакта отуруп чыккан аял менен болгон маегин жарыялаган. Анда ал өлкөнүн маркум президентинин улуу кызы абакта "козголоң уюштурганын" айткан.
"Ал жумушка чыккан. Бир жолу козголоң уюштурду. Аны балким бул түрмөгө камабаш керек болчу. Бирок камагандан кийин аз да болсо андагы режимди сакташы керек го. Гүлнара режимди көп сактабайт", – деген түрмөдөн чыккан аял. Ошол эле маалда ал Каримованын "козголоңу" качан болгонун тактап айткан эмес.
Аял түрмөдө Гүлнара Каримовага VIP-шарттар түзүлбөгөнүн, ал жалпы режимде жазасын өтөп жатканын кумчалаган.
"Болгону ал айланасына төрт керебетти тургузуп, шейшеп менен жаап алган. Ал жалпы ашканада тамактанбайт, эч ким жокто ага автоунаа менен тамак-аш алып келип турушат. Башкалардыкындай 10 килограмм эмес, кыйла эле көп. Ал камактагы кимдир бирөөнү көргүсү келсе, алыс болсо да алып келишет. Бир сөз менен айтканда Гүлнарага ал жакта жаман эмес", – деди ал.
Былтыр күзүндө Гүлнара Каримова үй камагына чыкканы жөнүндө ырасталбаган маалыматтар пайда болгон. Анда анын Улуу Британияда жашаган кызы Иман Өзбекстанга тез-тез каттап калганы айтылган.
Кезинде "Озодлик" радиосу өз булактарына таянып, Каримова убактысынын көбүн үйүндө өткөрүп, түрмөгө зарыл болгондо гана барып жатканын кабарлаган. Бирок бул маалыматтар расмий ырасталган эмес.
Өзбекстандын бийлиги түрмөдө Каримовага басым жасалып, укуктары бузулуп жатканы жөнүндөгү анын жакындарынын жана адвокаттарынын билдирүүлөрүн четке кагып келет.
Гүлнара Каримова 2019-жылдын жазынан бери Ташкент облусундагы аялдар абагында камакта отурат. Ага "Опузалап мүлктү менчиктеп алуу", "Ысырап кылуу", "Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо" беренелери менен айыптар тагылган. Каримова 2020-жылы 18-мартта 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.
Швейцария, Франция, АКШ жана башка бир катар өлкөлөрдө Гүлнара Каримовага байланышы бар делген дээрлик 1,4 миллиард долларлык активдер камакка алынган. Өзбек өкмөтү бул каражаттын бир бөлүгүн кайтарып алууга аракет кылып келет.
Өзбекстан 2020-2021-жылдары Париждеги кыймылсыз мүлктү жана 1815-жылы курулган Груссе хансарайын сатуудан түшкөн 20 миллион долларды Франциядан кайтарып алган.