"9-июль күнү Абай облусунун аймагында Мамлекеттик токой чарбасына караштуу "Семей орманы" коругунун өкүлчүлүктөрүнүн биринин директорунун атынан иштеген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду", – деп жазылган билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, полицияга 20дан ашык адам жеткирилди. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө уурдалган ондогон куб метр жыгач, жыгач иштетүүчү станоктор, акча жана документтер алынган.
"Аталган башкармалыктын директору жана кылмыштын катышуучулары убактылуу кармоочу жайга киргизилди", – деди ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлү Куандык Алпыс. Ал тергөөнүн кызыкчылыгына каршы келерин айтып, кеп мекеменин кайсы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси жөнүндө болуп жатканын тактаган жок.
"Азыр аталган кылмыштуу топтун "кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдалануу", "паракорлук", "мүлктү ыйгарып алуу" жана "документтерди жасалмалоо" фактыларына тиешеси бар-жоктугу текшерилип жатат", – деп кошумчалады ал.
Былтыр жайында Абай облусунда "Семей орманы" коругуна тиешелүү 60 миң гектар токой өрттөнгөн. Анда 14 киши каза тапкан. Алардын баары тең токой чарбасынын кызматкерлери болгон. Анда жумушчулар өрт өчүрүүгө тиешелүү шаймандарсыз чыкканы айтылган. Өлкөнүн Экология министрлиги жаратылышты коргоо мекемелери материалдык-техникалык жактан начар жабдылганын билдирген.
Быйыл май айында бул иш боюнча "Семей орманы" коругунун эки кызматкерин жети жылга эркинен ажыратылган. Аларга "14 адамдын өлүмүнө алып келген өрт коопсуздугунун талаптарын аткарбоо" айыбы тагылган.
Бул ири өрттөн кийин бийлик токойдогу бактарды мыйзамсыз кыюуга, уурдоого жана бул тармактагы кылмыштуу топторго бөгөт коюу чаралары күчөтүлөрүн билдирген.