Маалыматка караганда, Жаканбаев бул документти Киевдеги ижарага алган батирдин ээсине көрсөткөн. Бул тууралуу Айдос Садыковдун жесири Наталья Садыкова аталган батирдин ээсине таянып билдирди.
"Республика" басылмасы белгилегендей, Садыковдун айдоочулук күбөлүгү жасалма болушу мүмкүн, анткени анда көрсөтүлгөн ID номур менен ээсинин аты-жөнү Румыниянын документтерди текшерген сайтынан табылган эмес. Мындан тышкары Айдос Садыков Киевде ижарага алып жашаган батир алгач Азиз Ахметов аттуу башка адамдын атына брондолгону аныкталган.
Казакстандын жараны, Украинада качкын макамында жашап жүргөн Айдос Садыковго кол салуу Киевде быйыл 18-июнда, өзү жашаган үйдүн короосунда болгон. Ал 2-июлда Киевдеги ооруканалардын биринде, реанимацияда көз жумду.
Садыковго кол салуу үчүн эки казакстандык жаран шек саналууда. Украина тарап билдиргендей, алар ошол эле күнү Украинадан чыгып кетишкен. Экөөнө тең эл аралык издөө жарыяланган. Украинанын Башкы прокуратурасы шектүүлөрдү Казакстандан экстрадициялоо аракети башталганын кабарлаган.
Украинанын Башкы прокуратурасы 20-июндагы маалыматынада кылмышка 36 жаштагы Алтай Жаканбаев менен 33 жаштагы Мейрам Каратаев шек саналып жатканын, кылмыш иши "Буюртма боюнча алдын ала сүйлөшүп, топтошуп алып адам өлтүрүүгө аракет кылуу" деген берене менен козголгонун билдирген.
Шектүүлөрдүн бири Алтай Жаканбаев Казакстандын күч органдарына өзү барып колго түшкөнүн казак Башкы прокуратурасы 21-июнда маалымдаган.
Айдос Садыков Казакстанда 2010-жылдан бери оппозициялык "Азат" партиясынын Актөбө аймактык бөлүмүн жетектеп келген. Ал мурдагы жана азыркы казак бийлигин сындаган материалдарды жарыялап жүрчү. Казак президенти Касым-Жомарт Токаевди орусиячыл саясатчы деп сындаган. Ал негиздеген YouTube'дагы БӘСЕ каналында миллиондон ашуун катталуучусу бар.
Оппозиционер Украинага үй-бүлөсү менен 2014-жылы көчүп барган.
Наталья Садыкова ок Айдос Садыковдын чыкыйына тийгенин айтып кол салууну күйөөсүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырган. Ал Айдос Садыковду көз алдында атып кетишкенин билдирип, кол салуу үчүн жоопкерчиликти казак бийлиги менен президент Касым-Жомарт Токаевге жүктөгөн.
Өз кезегинде Токаев зарыл болсо тергөөгө жардам берилерин билдирген.