Иштин материалдарына ылайык, 2019-жылы Орусияга барып, курулушта иштеп жүргөн Йулдашев 2021-жылы маңзатты мыйзамсыз өндүрүү, таркатуу беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. 2022-жылдын күзүндө түрмөдө жаткан жеринен "Вагнер" компаниясына азгырылып, Украинага каршы согушка жөнөп кеткен.
Фронтто жарым жыл согушкандан кийин "Эрдик медалы" менен сыйланып, 2023-жылдын августунда Өзбекстанга кайтып келгенде кармалган.
Өзбекстандын мыйзамдарында чет өлкөлөрдөгү согуштук аракеттерге катышуу үчүн беш жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жогорку соттун билдирүүсүндө Йулдашевге карата эмнеге жеңил өкүм чыгарылганы жазылган эмес.