Ссылки доступа

Казакстанда алтын комбинатынын курулушуна каршы чыккандарга козголгон кылмыш иши токтотулду


Чыгыш Казакстанда Маралды айылына жакын жерде курулуп жаткан алтын өндүрүүчү фабриканын аймагына мыйзамсыз кирип, кызматкерлерге күч колдонуп, компаниянын мүлкүнө зыян келтирген" деген айып менен 6 адамга козголгон кылмыш иши токтотулду.

Мындай чечимди 11-июлда Чыгыш Казакстан облусунун Самар райондук соту чыгарды.

8-майдан бери Өскемендеги убактылуу кармоочу жайда отурган төрт адам менен үй камагындагы дагы эки адам сот залынан бошотулду.

Соттук териштирүүдө жабырлануучу тарап, башкача айтканда, компаниянын кызматкерлери айыпталуучуларды "кечирген". Ишкана чыгым катары көрсөтүлгөн 6 миллион теңгени өндүрүп алуудан да баш тарткан.

3-июлдагы соттук отурумда айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алган. Судья эки тарапка жарашуу үчүн убакыт берген.

Быйыл 8-майда Маралды айылынын тургундары, жалпысынан 100гө жакын адам жаңы курулуп жаткан алтын комбинатына барып, ишти токтотууну талап кылышкан. Иштин материалдарында алар ишкананын жетекчилиги менен жолугушууну талап кылып, эч ким чыкпаган соң фабриканын аймагына кирип барышып, айрымдары жумушчуларга күч колдонуп , ишкананын мүлкүнө зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү фабриканын аймагына полициянын атайын күчтөрү тартылган.

Сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө бир нече адам камакка алынган.

Маралдылыктар бийликтин бул аракетин аларга карата жасалган “кысым” катары кабыл алышкан. Алар экологияны, кооз жерлерди сактап калуу үчүн фабриканын курулушуна каршы чыгып жатканын билдирип келишет. Айыл эли негизинен мал чарбасы жана аарычылык менен алектенет.

XS
SM
MD
LG