Көпүрөнү калыбына келтирүү иштери быйыл апрелде башталып, Кайтпас-Өтүкчү жолу убактылуу жабылган. Негизги жолдун жабылышынан улам Сох районуна бара турган Өзбекстандын жарандарына Баткен облусунун Апкан айылы аркылуу өткөн жол менен каттап турууга туура келген.
Көпүрөнү карап чыккан эксперттер ал транспорт кыймылы үчүн кооптуу экенин билдиришкен. Буга байланыштуу көпүрөгө кошумча тирөөчтөрдү орнотуу чечими кабыл алынган.
Көпүрөнүн жалпы узундугу 72 метрди түзөт. Аны оңдоо иштерин Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аткарды.