"Тажик жарандарынын көбү аларга карата өлкөдөн чыгаруу же өлкөгө кирүүгө тыюу салуу жөнүндө чечимдер чыкканын билишпейт. Ошондуктан алар Орусиянын аэропортторуна келгенде кайра өз эсебинен Тажикстанга жөнөтүлүп жатат", – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
Ал арада акыркы бир нече айдан бери Орусияга киргизилбей жаткан тажик мигранттары бул өлкөдө эч кандай мыйзамдарды бузбаганын, аларды эч себепсиз эле кайра мекенине жөнөтүп жатышканын билдирүүдө.
Москва облусундагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон терактка шектүү катары бир нече тажикстандык кармалгандан кийин тажик жарандары Орусиянын аэропортторунда түрдүү шылтоолор менен сааттап кармалып, көпчүлүгү өлкөгө киргизилбей жатат. Ушундай эле абал орус-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерде да байкалган.
Буга байланыштуу быйыл май айында Тажикстандын Ички иштер министрлиги өз жарандарын Орусияга барбай турууга чакырган.