"Тынч жыйындарды өткөрүү үчүн каралган атайын жерлерди пайдалануунун тартиби жөнүндөгү" Алматы шаардык кеңешинин чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом долбоору "Ачык ченемдик-укуктук актылар" порталына жарыяланды. Ал боюнча коомдук талкуу 24-июлга чейин уланат.
Чокан Валиханов атындагы сейил бак көптөгөн жылдардан бери Алматыдагы митинг өткөрүүгө уруксат берилген жалгыз жер болуп келген. Ал шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эмес.
Калаа бийлиги ошондой эле шаардагы жүрүштөрдү өткөрүүгө уруксат берилген каттамды да өзгөртүүнү пландап жатат. Буга чейин каттам Чокан Валиханов аянтынан башталып, Шевченко көчөсүндөгү Махатма Ганди паркына чейин уланса (болжол менен төрт чакырым), эми аны Гагарин проспектисинен Жамбыл көчөсү аркылуу Муканов көчөсүнө чейин жылдыруу каралууда. Жаңы каттамдын узундугу эки чакырымга жетпейт. Бийлик бул каттамда автоунаалар аз экенин, жүрүштөр өткөн күндөрү андагы "транспорт каражаттарынын кыймылына чектөө киргизбесе деле болорун" билдирүүдө.