Тажикстан парламентинин “Садои Мардум” гезити бул көрсөткүч 2023-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 618 учурга азайганы менен көйгөй актуалдуу бойдон экенин жана көңүл бурууну талап кыларын жазды.
Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитеттин өкүлү Сабохат Рустам Тажикстанда ажырашууга үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, жакырчылык, үчүнчү тараптардын кийлигишүүсү жана “ала жипти аттоо” себеп экенин "Садои Мардум" гезитине берген маегинде билдирген. Макаланын авторлору оту күйүшпөй калууга эрте турмушка чыгуу да себеп болуп жатканын белгилешкен.
Акыркы жылдары Тажикстанда бир нече программалар жана үй-бүлөнү өнүктүрүү Концепциясы кабыл алынганына карабастан, ажырашуу боюнча статистика дагы деле кейиштүү бойдон калууда.
2023-жылы Тажикстанда 10 миңден ашык үй-бүлө бузулуп, натыйжада 11 миңдей бала толук эмес үй-бүлөдө тарбияланган.