Ссылки доступа

Казакстанда дагы үч багыт боюнча "аялдар вагондору" ишке киргизилди


"Казакстан темир жолу" ишканасы дагы үч багыт боюнча аялдар менен балдардын гана жүрүүсүнө уруксат берилген вагондор ишке киргизилгенин билдирди.

Маалыматка караганда, "аялдар вагондору" Астана – Семей, Актөбө – Алматы жана Алматы – Чымкент багыттарына кошулду. Муну менен өлкө боюнча мындай вагондорду камтыган каттамдардын саны 11ге жетти.

"Бул вагондорго билеттер аялдарга гана сатылат. Алар менен чогуу жети жашка чейинки курактагы балдар саякаттай алышат. Мындай вагондордо коштоп жүрүүчү болуп аялдар гана иштешет", – деп жазылган "Казакстан темир жолунун" билдирүүсүндө.

Казакстанда "аялдар вагондору" саякат учурунда аялдар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу максатында 2021-жылы киргизилген. Мындай вагондор менен кадимки вагондор үчүн билет баалары айырмаланбайт.

Казакстанда аялдар үчүн өзүнчө вагондорду киргизүү зарылчылыгы жөнүндө 2018-жылы, эки коштоп жүрүүчү "Тулпар – Тальго" каттамынын 35 жаштагы жүргүнчүсүн зордуктагандан кийин айтыла баштаган. Өткөн айда бул иш боюнча соттолгон коштоп жүрүүчүлөр эркиндикке чыкканы белгилүү болгон. 2019-жылы алар беш жылга соттолгон. Анда активисттер аларга өтө эле жеңил жаза чегерилгенин айтып, өкүм чыгарган судьянын кызматтан кетишин талап кылышкан.

Казакстанда акыркы кездери "аялдар вагондоруна" суроо-талап өсүп жатканы байкалууда. "Казакстан темир жолу" белгилегендей, жыл башынан бери 70 миңге жакын аял атайын вагондордо жүргөн. Бул өткөн жылдын алгачкы алты айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу эки эсеге көп.

XS
SM
MD
LG