Ссылки доступа

Казакстанда сексуалдык мүнөздөгү онлайн-кызматтар үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилүүдө


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 5-июлда "Адам сатууга каршы күрөшүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документ кол коюлгандан 60 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ага ылайык, адам сатууга байланышкан кылмыштар боюнча Кылмыш кодексине бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Ошондой эле мыйзамдарга "сексуалдык мүнөздөгү башка кызматтар" деген түшүнүк киргизилип, ал сексуалдык кызматтарды онлайн режимде интернет аркылуу көрсөтүү учурларына да тиешелүү болот.

Мындан тышкары мыйзамда төмөндөгүдөй аракеттер үчүн да кылмыш жоопкерчилиги каралган:

  • адамдарды, анын ичинде эрезеге жете электерди сексуалдык мүнөздөгү интимдик кызматтарга жана сутенёрлукка тартуу;
  • сойкулукка жана сексуалдык мүнөздөгү башка кызматтарга тартуу үчүн мындай ишмердүүлүктөрдү пропагандалоо жана жарнамалоо;
  • сойкулук менен алектенүү жана сексуалдык мүнөздөгү башка кызматтарды көрсөтүү үчүн атайын жайларды түзүү, иштетүү, ошондой эле телекоммуникациялык түйүндөрдү, анын ичинде интернетти колдонуу менен сутенёрлук кылуу.

Документте бул өзгөртүүлөр уюштуруучуларды Кылмыш жаза жана Административдик укук бузуулар кодексиндеги беренелер менен жоопкерчиликке тартууга мүмкүндүк бере турганы белгиленген.

Мыйзамда ошондой эле жашы жете электерден сойкулук же сексуалдык мүнөздөгү башка кызматтарды алгандар үчүн да кылмыш жоопкерчилиги каралган.

XS
SM
MD
LG