Ссылки доступа

Тажикстанда уулануу белгилери менен ооруканада жаткан эки бала каза болду


Тажикстандын Хатлон облусунда уулануу белгилери менен ооруканада жаткан беш жана 11 жаштагы эки бала каза болду. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Маалыматка караганда, балдардын бири Куляб шаардык, экинчиси Восе райондук ооруканасында 16-июлга караган түнү көз жумган. Алар ооруканага 12-июлда жеткирилген.

Экспертиза балдар уулануудан каза болгонун ырастаган, бирок азырынча алардын эмнеге ууланганы так белгисиз.

Дарыгерлердин айтымында, өткөн аптада Восе райондук ооруканасына уулануу белгилери менен дагы беш бала жеткирилген. Алардын баары тең аталган райондун Бахористон айылынын жашоочулары.

Медиктер уулануунун себебин аныктоо үчүн балдардан алынган кандын үлгүсүн Душанбедеги лабораторияга жөнөтүштү.

Тажикстанда адам өлүмүнө алып келген уулануу учурлары буга чейин да катталган.

XS
SM
MD
LG