Маалыматка караганда, мушташ динге байланышкан талаштан улам чыккан. Мирзоев анын камерасын текшерүүгө кирген мусулман кызматкер менен сүйлөшкөндө динди кескин сынга алган. Ортодо талаш чыгып, ал мушташка айланган. ЖМКлар бул мушташ Мирзоев радикал экстремист деген фактыдан күмөн санатып жатканын белгилешкен.
Камактагы адам менен түрмө кызматкеринин ортосундагы мушташ качан болгону жазылган эмес. Бирок "Московский комсомолец" гезити бул окуядан кийин Мирзоевдин абак кызматкерлери менен байланышы азайтылганын кабарлады.
22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" борборунун алты миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон.
Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Бери дегенде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шек саналып кармалган 20 кишинин көбү Тажикстандын жарандары экени аныкталган.
Теракт үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу алган. Батыш өлкөлөрү жана АКШ терактты ушул экстремисттик топтун мүчөлөрү уюштурганын айтып келет. Орусия кандуу калабаны Украинадан көргөн. Киев бул айыптоону четке каккан.