Медиаэксперттердин пикиринде, долбоордогу айрым пункттар журналисттердин маалымат таратууга болгон укугун чектеп, жалпы эле алардын ишмердүүлүгүнө коркунуч туудурат.
Документте өткөрүлүп жаткан иш-чаранын регламентин бузган жана редакциясына аккредитация берген мекемеден башка мамлекеттик органдан алган маалыматты таркаткан учурда ЖМК өкүлдөрүн иш-чарага киргизбей коюу сунушталууда.
Долбоорго ылайык, аккредитация берип жаткан уюм өткөрүлө турган иш-чаранын регламентин өз алдынча бекитет.
Журналисттердин көбү жаңы эреже аларга мамлекеттик органдардан жана аткаминерлерден алган маалыматтарды социалдык түйүндөргө жарыялоого, ошондой эле өкмөттүк брифингдер менен басма сөз жыйындарда айтылган маалыматтар менен өз ара бөлүшүүгө тыюу салышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Алардын айтымында, модератор иш-чарага тиешеси жок деп эсептеген тема боюнча суроо берген журналисттердин баарын регламентти бузду деп эсептеп коюулары мүмкүн. "Мындай талаптар бекитилсе, ал цензура жана журналисттик кесипке тыюу салуу болуп калат", – деп билдиришти медиаэксперттер.
Мындан тышкары казак медиачөйрөсүнүн өкүлдөрүн буйруктун долбоорунда иш-чарага киргизиле турган журналисттерге аккредитациялык карталарды берүү талабы бар экени тынчсыздандырууда. Алардын айтымында, бул өкмөттүн жакында эле кабыл алынган "Масс-медиа жөнүндө" мыйзамына кирбей калган пресс-карталардын аналогу болот.
Буга чейин медиаэксперттер мыйзамдагы пресс-караталарды киргизүү нормасын сынга алып, ал ЖМКларга карата мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүшү мүмкүн деген божомолдорун айтышкан.
Министрликтин буйругунун долбоору "Ачык нормативдик-укуктук актылар" порталында 1-августка чейин талкууда болот.
"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму түзгөн басма сөз эркиндигинин индексинде Казакстан 180 өлкөнүн ичинен 142-орунга жайгашкан.