Ссылки доступа

Казак-орус чек арасынан өтө албай турган тажикстандыктар Орусияга киргизилди


Казак-орус чек арасындагы "Троцкий" көзөмөл-өткөрмө бекетинен 10-июлдан бери өтө албай турган ондогон тажик жаранына Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу "Озоди" радиосу мигранттарга шилтеме кылып кабарлады.

Тажикстандык айдоочу Одил Сафаровдун айтымында, чек арачылар тажик жарандарын башкалардан өзүнчө бөлүп, Орусияга кылдат текшергенден кийин гана киргизип жатышат.

"Паспортторубузду карап, бир нече суроо бергенден кийин телефондорубузду алып, экстремисттик топтор, сакалчандар же башка кооптуу адамдар менен байланыштарыбыздын бар-жогун текшерип жатышат", – деди Сафаров.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө чек арадан өтө албай турган 60 жеңил унаанын жана беш автобустун көбү Орусиянын аймагына киргизилди. Учурда өткөрмө-бекеттин алдында тажик жарандары бараткан эки автобус жана беш автоунаа калууда.

Москва облусундагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон терактка шектүү катары бир нече тажикстандык кармалгандан кийин тажик жарандары Орусиянын аэропортторунда түрдүү шылтоолор менен сааттап кармалып, көпчүлүгү өлкөгө киргизилбей жатканы кабарланган. Ушундай эле абал орус-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерде да байкалган.

XS
SM
MD
LG