Көз жумган 30 жаштагы Музафар Исмаилов аталган заводдун мешинин башчысы болуп иштеген. Облустук саламаттык сактоо кызматынан билдиришкендей, каза болгон кызматкердин денесинин 85 пайызы күйүп, ооруканада өмүр менен коштошкон.
Жабыркаган жети жумушчу ооруканада жатат: алардын бешөө – реанимацияда. Дарыгерлер баарынын тең абалын өтө оор деп баалап жатышат. Алардын денесинде терең күйүк бар. Эки бейтап интенсивдүү терапия бөлүмүндө.
YDD Corporation компаниясы бир күн мурун медициналык жардам көрсөтүү үчүн Орусиядан дарыгерлерди чакыртканын жарыялаган. Онлайн кеңешмеге Түркия менен Израилдин адистери да тартылган. YDD Corporation жапа чеккен кызматкерлердин бардык насыяларын төлөп берерин билдирди.
YDD Corporation окуяны "өзгөчө кырдаал" деп атап, мештен "капысынан" жалын чыкканын маалымдады.
Бул факты боюнча "Эмгек коопсуздук эрежелерин бузуу, шалаакылыктан ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
YDD Corporation – ысыкка чыдамдуу болоттор үчүн колдонулган жогорку сапаттагы ферросилиций өндүрүүчү завод.