Ссылки доступа

Өзбекстанда чек сураган баланы урган сатуучу 15 суткага камалды (видео)


скриншот из видео
скриншот из видео

Өзбекстанда сот дүкөндүн сатуучусун QR-коду менен чек сураган 12 жаштагы баланы кемсинтип, уруп жибергени үчүн 15 суткага административдик камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн Балдар акыйкатчысы билдирди.

Социалдык тармактарда Сырдарыя облусунун Гүлистан шаарында дүкөндүн сатуучусу чек сураган 12 жаштагы баланы уруп жибергени тартылган видео тараган. Сатуучу "колуңду тарт" деп кыйкырып, баланы бетине чаап, чекти айрып, ага ыргыткан.

Өзбекстандын Балдар акыйкатчысынын басма сөз кызматы баланын апасы сатуучунун үстүнөн арызданганын билдирди. Ал кызматкерге мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Ички иштер органдары окуяны иликтеп, 21-июлда тергөөгө чейинки текшерүү учурунда дүкөндүн сатуучусуна Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин "Майда бейбаштык" беренеси боюнча иш козгогон. Анын негизинде сатуучу 15 суткага административдик камакка алынган.

Өзбекстандын Салык комитетинин төрагасы 12 жаштагы Шахбозхон Кучкаровго учурдагы эрежелерди сактаганы жана салыктын коомдогу маанисин түшүнгөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

XS
SM
MD
LG