Ссылки доступа

Тажикстанда унаасынын айнегин мыйзамсыз караңгылаткан экс-министрдин уулуна айып пул салынды


Диловар Шерализода
Диловар Шерализода

Тажикстан президентинин кудасы, өлкөнүн мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Гул Шералинин уулу кайрадан кармалды. Бул тууралуу Душанбе шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы Диловар Шерализода "Тойота Ландкрузер" үлгүсүндөгү унаасынын айнектерин мыйзамсыз караңгылатып, атайын унаалардын мигалкасын тагып алганы үчүн 22-июлда кармалган. Бул мыйзам бузуу үчүн экс-министрдин уулуна 115 миң сомони (1 миң доллардан ашык) өлчөмүндө айып пул салынган.

Тажикстандын мурдагы өнөр жана энергетика министри Гул Шералинин уулу Диловар Шерализода буга чейин да бейбаштык жана башка кылмыштар үчүн кармалып, бир жыл абакка отуруп чыккан.

Гул Шералинин экинчи уулу президент Эмомали Рахмондун күйөө баласы.

XS
SM
MD
LG