Социалдык тармактарда "Ролик" каймана аты менен таанылган Рамазан Муродов 23-июлда "Инстаграм" баракчасына ИИМге, УКМКнын төрагасына жана "Ориенбанктын" башчысына карата уят сөздөрдү айткан бир нече видеосун жарыялаган. Алардын биринде ал жогоруда аты аталган адамдардын видеосун интернетке жарыйлай турганын айтып коркуткан. Бул видеолор рэпердин "Инстаграм" баракчасында бир сааттай туруп, кийин өчүрүлгөн.
Ошол эле күнү кечинде ИИМдин Душанбе шаардык башкармалыгы Рамазан Муродов кармалганын билдирип, "бул окуя боюнча алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүп, керектүү материалдар даярдалганын" кабарлаган.
Бул окуя боюнча рэпердин же анын жакындарынын пикири белгисиз. Бирок Душанбенин укук коргоо органдары "тергөө учурунда Рамазан Муродов ал видеолорду маңзат колдонгон абалда тартып, жарыялаганы аныкталганын" билдирди.
Кармалган жаран Наркология боюнча республикалык клиникалык борбордо маңзатка көз каранды катары каттоодо турганы айтылды.
Муродовго кайсы берене боюнча кылмыш иши козголгону азырынча белгисиз.