Доо арызда өкүм "негизсиз, мыйзамсыз жана адилетсиз" болгону үчүн жокко чыгарылууга тийиш жана анын аракеттери "кылмыш катары негизсиз квалификацияланган" деп белгиленген.
Сот жактоочунун Тажимуратовду видео аркылуу соттук отурумдарга катыштыруу өтүнүчүн да канааттандырган жок.
Каракалпакстандагы 2022-жылдагы нааразылык акциясына байланыштуу 16 жылга соттолгон активист Даулетмурат Тажимуратов такталбаган маалыматтар боюнча Навоидеги колонияда отурат.
Июль айында Тажимуратов Навоидеги абактан башка колонияга которулушу мүмкүн деген маалымат чыккан.
Анын кайда экени тууралуу так маалымат жок.
2023-жылы Өзбекстандын соту Тажимуратовду «бийликти басып алуу же Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн кулатуу боюнча кутум уюштурган» жана «массалык баш аламандыктарды уюштурган» деген сыяктуу бир катар айыптар боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары, анын ичинде Human Rights Watch уюму аны бошотууга чакырган.
Расмий маалыматтар боюнча, 2022-жылдын июль айында Каракалпакстанда болгон окуяларда 21 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жараланган. Венада жайгашкан Freedom for Eurasia бейөкмөт уюму Каракалпакстандагы нааразылык акцияларын басуу маалында кеминде 70 киши каза болгонун кабарлаган.